Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык мораторий күчүнө кирди
Новость

КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилгенин билдирди.

Чечимге ылайык, 2026-жылдын 21-июлунан тартып 2029-жылдын 21-июлуна чейин аталган көлдөрдө балыктын бардык түрлөрүн өнөр жайлык негизде уулоого, ошондой эле аларды ташууга, сактоого, сатууга, сатып алууга жана өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салынат.

Министрликтин маалыматына караганда, мораторий көлдөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, балык корун калыбына келтирүү жана суу экосистемаларын туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында киргизилди.

Ошондой эле бул чара Ысык-Көл менен Соң-Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоого жана балык ресурстарын көбөйтүүгө багытталган.