Бүгүн, 21-июлд МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Садыр Жапаровдун атынан 2026-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Кыргыз Республикасынын Президенттинин сыймыгы” сертификаттарын тапшырды.
Иш-чарага 54 алтын сертификаттын ээлери, ошондой эле аймактардан ЖРТдан жогорку балл алган 20 бүтүрүүчү катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин куттуктоосун окуп берди.
“Урматтуу “алтын сертификаттын” ээлери, сиздер – биздин Мекендин жаркын үмүтүсүздөр! Сиздер Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, өлкөбүздүн интеллектуалдык сыймыгы экениңиздерди далилдедиңиздер. Баарыңыздарды “алтын сертификатка” татыктуу ээ болушуңуздар менен куттуктайм! Бул ийгиликтин артында узак күндөр жана уйкусуз түндөр бою жасалган тырышчаактык менен даярдануу, өжөрлүк, бийик максаттарга умтулуу жана зор эмгек жатат. Бул жетишкендиктин артында ар дайым жаныңыздарда болуп, ар бир кадамыңыздарга кам көрүп, жаркын келечегиңиздерди тилеп келген ата-энеңиздердин батасы, сүйүүсү жана колдоосу турат. Ата-эненин камкордугу жана колдоосу болбосо, эң таланттуу баланын да өз жолун табуусу кыйын. Ошондой эле, өлкөнүн татыктуу жарандарын тарбиялоого өмүрүн арнап, билимдерин, күч-кубатын жана баалуу убактысын балдарга жумшаган мугалимдерибиздин эмгеги зор. Мен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, балдарыбызга билим алууга жана алардын өнүгүүсүнө салым кошкон, Кыргызстандын келечегинин чыныгы архитекторлору болгон мугалимдерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем", – деди Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн байлыгы анын адамдык капиталында, билимдүү жана таланттуу жаш жарандарында — экенин белгилеп, ошол себептүү жаңы муунга дүйнөлүк аренада натыйжалуу атаандашууга мүмкүндүк берүүчү билим берүү системасын реформалоо иштери улантылып жатканын белгиледи.
“Кайсы гана кесипти тандабаңыз — мейли ал медицина, аэрокосмостук инженерия, заманбап архитектура, маалыматтык технологиялар же башка тармак болсун — жөн гана адис эмес, өз ишиңиздин чыныгы чебери, жогорку деңгээлдеги профессионал жана тармагыңыздын лидери болууга умтулуңуздар. Заман дал ушуну талап кылат. Ошол эле учурда, өз тамырыңыздарды, руханий баалуулуктарыңызды жана ата-бабаларыбыздын мурасын эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Араңыздарда жаңы Кыргызстандын келечектеги куруучулары, ошондой эле көрүнүктүү ойчулдар жана лидерлер бар. Андыктан, мекениңиздерге кызмат кылуу жолунда кыялдануудан жана өзүңүздөргө эң дымактуу максаттарды коюудан коркпогула. Дүйнөнү өзгөртүү дал ушул сиздердин муунга буюрган", — деди Адылбек Касымалиев.
Иш-чаранын катышуучуларына Мамлекет башчысынын атынан эстелик белектер тапшырылды.










