Кыргыз ак топозу жаңы порода катары мамлекеттик каттоодон өттү
Новость

Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда кыргыз мал чарбачылыгы үчүн маанилүү окуя болду. Ак түстөгү кыргыз топозу "Кыргыз ак топозу" аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү.

Жаңы породаны мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрукка КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол койду.

Министр бул чечим өлкөнүн асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.

"Кыргыз ак топозу" породасын түзүүдө Социалисттик Эмгектин Баатыры, көрүнүктүү селекционер жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун эмгеги өзгөчө белгиленет. Анын ак топоздорду селекциялоо багытындагы көп жылдык ишмердиги жаңы породанын калыптанышына чоң салым кошкон.

Жаңы породаны чыгаруу боюнча иштер 2014–2026-жылдары жүргүзүлүп, анын натыйжасында бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы түрү түзүлдү.

Илимий изилдөөлөр «Кыргыз ак топозунун» тирүүлөй салмагы, төл алуу көрсөткүчтөрү жана жаш малдын сакталышы боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн. Ошондой эле анын сапаттуу ак жүнү жана тыбыты текстиль өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат катары бааланат.

Адистердин айтымында, жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.