Үйлөнүүнү пландаган жарандар эми никени каттоого арызды жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнө барбастан эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу тапшыра алышат.
Жаңы кызматтын алкагында алгач болочок жубайлардын бири тиркемеден "Никени каттоо" кызматын тандап, экинчи тараптын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизип, Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт.
Андан соң экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал арыздагы маалыматтарды текшерип, макулдугун бергенден кийин эки тарап тең документке электрондук кол тамга коюшат.
Андан кийин арыз автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынын маалыматтык системасына жөнөтүлөт. Арыз каралып бүткөн соң анын жыйынтыгы тууралуу жарандарга билдирүү жөнөтүлөт.
Бул кызмат никени каттоо процессин жөнөкөйлөтүп, жарандардын убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.