Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандарынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзамдардын талаптарын сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет элдик жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын, жергиликтүү каада-салттарды, маданиятты жана коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ички иштер министрлиги менен Кытай элчилиги биргелешкен алдын алуу жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул кызматташтык мыйзам бузуулардын алдын алууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталары белгиленди.

