21-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан катышуучуларды куттуктады. Ал өз сөзүндө аталган эмгек заманбап Өзбекстандын өнүгүү жолун, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган маанилүү басылма экенин белгилеп, анын кыргыз тилине которулушу эки боордош элдин маданий, илимий жана руханий кызматташтыгын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса көрсөттү.
Арслан Койчиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тарыхый достук, орток маданий баалуулуктар жана стратегиялык өнөктөштүк акыркы жылдары мамлекет башчыларынын саясий эркинин аркасында жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Мамлекеттик катчы мындай китептер элдерди жакындатып, өз ара түшүнүшүүнү жана интеллектуалдык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтып, басылма жаштар, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер жана кеңири окурмандар үчүн баалуу маалымат булагы болоруна ишеним билдирди.
Ошондой эле китептин жарык көрүшүнө салым кошкон авторлорго, котормочуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын достугу мындан ары да бекемделе беришине тилектештигин билдирди.