Бишкектин 12-кичи районунда 23-июлда суу убактылуу өчүрүлөт
Новость

Бишкек шаарынын 12-кичи районунда 2026-жылдын 23-июлунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү турак үйлөрдү, мектептерди, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин, саламаттык сактоо объекттерин, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы объекттерди камтыйт.

Маалыматка ылайык, суу берүү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана мекеме-ишканаларды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырды.

Ошондой эле тургундарга "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруу сунушталды.

e9b23e9a-b1dc-4544-9874-3910cd3a6e9e.jfif 78.19 KB