2026-жылы Кыргызстандын аймактарында майыптыгы бар жарандарды кресло-коляскалар менен камсыздоо иштери улантылып, жалпысынан 257 даана майыптар арабасы берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, алардын арасында чоңдор үчүн майыптар арабалары, балдар үчүн көп функциялуу майыптар арабалары, ошондой эле гуманитардык жардам катары алынган арабалар бар.
Майыптыгы бар адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы №269 токтому менен бекитилген "Майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө" жобонун негизинде жүргүзүлөт.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны болгон майыптыгы бар адамдарга майыптар арабасын алуу укугу 5 жылдык мөөнөткө берилет. Үйдө жана сыртта колдонууга ылайыкталган стандарттык же көп функциялуу майыптар арабалары 3 жаштан баштап акысыз берилет.
Майыптар арабасын акысыз алуу үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусу талап кылынат.
Майыптар арабасын алуу үчүн жаран жашаган жериндеги аймактык башкармалыкка арыз жана МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсүн тапшырышы зарыл.
Министрлик майыптыгы бар жарандарды техникалык жардам көрсөтүүчү каражаттар менен камсыздоо алардын жашоо сапатын жакшыртуу жана коомдук турмушка толук кандуу аралашуусуна көмөк көрсөтүү максатын көздөөрүн белгиледи.