БУУдагы жыйында кыргыз министри жол коопсуздугу боюнча панелге тең төрагалык кылды
Новость

Нью-Йорк. КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелерине арналган Жогорку деңгээлдеги жыйынынын экинчи көп тараптуу панелине (Multi-stakeholder Panel 2) тең төрагалык кылып, талкууну алып барды.

Министр Марокко Падышалыгынын Транспорт жана логистика министри Абдессамад Кайю менен биргеликте "Туруктуу каржылоону камсыз кылуу жана потенциалды чыңдоо боюнча жалпы мамлекеттик жана коомдук мамиле" темасындагы панелдик талкууну модерациялады.

Талкууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону туруктуу каржылоо, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү жана улуттук потенциалды өнүктүрүү маселелери каралды.

Панелди ачып жатып, Дамир Осмонов жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул багыт мамлекеттик бюджетти пландаштырууда, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө, саламаттык сактоо системасында жана шаар куруу саясатында комплекстүү түрдө эске алынышы зарыл.

Министр ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугу өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү же курулган объектилердин саны менен эмес, жол кырсыктарынан каза болгондордун жана оор жаракат алгандардын санын азайтуу боюнча жетишилген реалдуу көрсөткүчтөр аркылуу бааланышы керектигин белгиледи.

Панелдин ишине эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Глобалдык саламаттык сактоо институтунун травматизм маселелери боюнча программалык жетекчиси Жордж Ягнур, Laser International уюмунун президенти Ава Сарр, Autoliv компаниясынын вице-президенти Жорди Ломбарте жана Дүйнөлүк банктын транспорт программаларынын жетекчиси Бенедикт Эйберген болду.

Талкуунун жүрүшүндө туруктуу каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, институционалдык потенциалды чыңдоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик саясатты илимий негизделген ыкмалар аркылуу ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда панелде айтылган негизги сунуштар жана жетишилген жыйынтыктар боюнча кыскача баяндама даярдалып, ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жыйынынын жыйынтыктоочу отурумунда башка тематикалык панелдердин материалдары менен бирге сунушталды.

749330299_1711902076698654_7356340142070504933_n.jfif 111.88 KB