Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйынын өткөрдү
Новость

21-июлда  МинКаб Төрагасы - Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында, залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер,КРнын  Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө алдыда боло турган Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракелик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу, анын мазмундук багытын өркүндөтүү жана эл аралык маанисин арттыруу маселелери кеңири талкууланды. 

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун  100 жылдык мааракеси улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлдеги маанилүү маданий окуя болуп саналарын белгилеп, бул мааракелик иш чараны жогорку деңгээлде даярдап, өткөрүү зарылдыгына токтолуп, мааракени уюштурууга жооптуу министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-чаралар планында каралган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу тапшырмасын койду.

Белгиленгендей, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси – бул улуу жазуучунун чыгармачылыгы аркылуу улуттук маданиятыбызды, тилибизди жана руханий мурасыбызды даңазалоо. 

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев бекитилген иш-чаралар планынын алкагында бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жооптуу түзүмдөр тарабынан системалуу, ыкчам жана үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүшү керектигин эскертип, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан бардык аракеттер так жана координацияланган негизде жүргүзүлүшү зарыл экендигин белгиледи.