Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Новость

Ысык-Көл областынын Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 65 миллион сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.