“Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын бюрократиядан арылтуу жана модернизациялоо болуп эсептелет.

Мыйзам төмөнкүлөрдү карайт:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү жана жарандык-укуктук негизде көрсөтүлүүчү жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө бөлүү;

– калктын социалдык жактан аярлуу катмары үчүн жеңилдиктерди берүү жана акыдан бошотуу мүмкүнчүлүгү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен акысыз көрсөтүлүшүнө кепилдик берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөп кызмат алууга тыюу салуу;

– кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүү жана кызмат кѳрсѳтүүнүн проактивдүү формасын киргизүү. Бул кызмат суроосуз, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон маалыматтарга жараша, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу же анын натыйжаларына даттануу мүмкүнчүлүгү жана милдеттүү түрдө кабарлоо менен көрсөтүлөт;

– санариптик технологияларга жеткиликтүүлүгү жок жактар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун альтернативдүү формаларын кароо;

– кызматтардын аутсорсинги аркылуу жеке секторду тартуу мүмкүнчүлүгү;

– кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү, ал мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган жана бекитилген тизмесин камтыйт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн конкреттүү аймакка жана жергиликтүү жамаатка мүнөздүү кошумча тизмектерди бекитүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.