Ысык-Көлдөн жарым жылда 50 миң метрден ашуун мыйзамсыз тор чыгарылды
Новость

2026-жылдын жарым жылында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашуун эски синтетикалык торлорду чыгарды. Былтыр болсо бул көрсөткүч бир жыл аралыгында 47 миң 500 метрге барабар болгон.  

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл региондалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев билдирди. Ошону менен бирге ал быйыл көлдө балыктын көбөйүшү байкалып, балыктардын саны гана эмес, көлөмдөрү да чоңойгондугун белгиледи. 

Ошол эле учурда, министрлик тарабынан быйыл жарым жыл ичинде көлдөн 1 тонна 250 кг таштанды чыгарылган. Таштандылардын арасында гантель, гиря, унаалардын дөнгөлөктөрү, амортизаторлору жана башка буюм-тайымдар бар. 

“Көлдөн чыгарылган бардык таштандылар топтолуп отуруп, Бишкек шаарындагы таштанды өрттөөчү заводуна алып барылып, ошол жерден жок кылынат”, - деп кошумчалда Тентимишев.