24-июлда Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт
Новость

2026-жылдын 24-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйын ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында өткөрүлүп, «ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай» деген ураан менен Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалыгынын алкагындагы негизги жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бири болот.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, ошондой эле Уюмдун туруктуу иш алып баруучу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Жыйында эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУнун алкагындагы көп тармактуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Өзгөчө көңүл Уюм мейкиндигинде тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө, ошондой эле ШКУнун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга бурулат.

Министрлер документтердин долбоорлорун макулдашып, ошондой эле Бишкек шаарында өтө турган алдыдагы ШКУ Саммитине даярдык көрүү маселелерин карашат.

2025–2026-жылдарга карата ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамына ээ болгон Чолпон-Ата шаарында жыйынды өткөрүү юбилейлик жылдын Уюмга мүчө мамлекеттердин биримдигин, өз ара ишенимин жана көп тармактуу кызматташтыгын мындан ары чыңдоодогу өзгөчө маанисин баса белгилөөгө багытталган.