ШКУ саммитине даярдыктын алкагында Бишкек шаарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда
Новость

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө борбор калааны даярдоонун алкагында Жайыл Баатыр көчөсүнүн Чортокев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки тилкесинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

Аталган көчөнүн  бөлүүчү тилкесинде даярдык иштери аткарылып, жер кыртышы төмөндөтүлүп, көчөттөрдү талаптагыдай сугарууну камсыз кылган заманбап сугат системасы орнотулду.

Бүгүнкү күндө ишкананын адистери жабык тамыр системалуу  83 даана ири көлөмдөгү штамбдуу акация көчөттөрүн отургузушту. Дарактардын шамалдын таасиринен жабыркабашы жана туруктуу өсүшү үчүн алардын сөңгөгү кап менен оролуп, атайын таңгычтар аркылуу бекемделди.

Бардык иштер агротехникалык талаптарга толук ылайык жүргүзүлүп, көчөттөрдүн жаңы шартка ийгиликтүү ыңгайлашуусуна жана мындан аркы жакшы өсүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан ары бул тилкеде газон төшөө, бир жылдык гүлдөрдү отургузуу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча кошумча иштерди жүргүзүү пландалууда.

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы шаар тургундары үчүн ыңгайлуу, көрктүү жана жашыл шаар чөйрөсүн түзүү, ошондой эле борбор калаанын эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө татыктуу даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштерин улантууда.