Борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке кошумча 650 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күндө жертөлөсү менен эки кабаттуу имараттын негизги конструкциялары толугу менен тургузулуп, учурда чатырын жабуу жана ички шыбак иштерин жүргүзүү уланууда.
Долбоор боюнча мектеп үч блоктон туруп, аянты 1217 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт залы жайгашат.
Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп, техникалык талаптардын сакталышы үзгүлтүксүз текшерилип турат.