Жумгал районунун Чаек айылында көп кабаттуу ипотекалык турак жайларды куруу үчүн 1 гектар 80 сотых жер тилкеси бөлүндү.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Нурбек Сатаров Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында ипотекалык турак жайлар курула турган жер тилкесин көрүп чыкты.
Белгиленгендей, Нарын облусунун райондорунда ипотекалык турак жайларды куруу боюнча тапшырманы Президент Садыр Жапаров облуска жасаган иш сапарынын жүрүшүндө берген.
Учурда бул тапшырманын алкагында облус аймагында ипотекалык турак жайларды курууга ылайыктуу жер тилкелерин бөлүп берүү иштери уланууда.

