Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу жыйын өткөрдү.
Отурумда негизинен өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо каралып, анда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, тарифтерди жөнгө салуу, мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин маалыматы угулуп, талкууланды.
Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин күчөтүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.