Электросталдагы окуядан кийин Кыргызстандын жарандарына байланыштуу кырдаал көзөмөлдө
Новость

Россия Федерациясынын Москва облусунун Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасында 2026-жылдын 18-июлунда болгон кырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлгө алып, россиялык тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын аныктоо жана алардын абалын тактоо максатында Өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуя болгон жерге, ошондой эле Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү бөлүмүнө жана жабыркагандар жеткирилген медициналык мекемелерге барышты.

Мындан тышкары, аталган кампада эмгектенген Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүлүп, аларга бардык кызыктырган маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле Өкүлчүлүктүн жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин ишеним телефондорунун байланыш номерлери таратылды.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны медициналык мекемеге жаткырылган. Алардын бири дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги менен биргеликте россиялык компетенттүү органдар менен туруктуу байланышта болуп, жабыркаган жарандардын абалын көзөмөлдөөнү жана аларга зарыл жардам көрсөтүүнү улантууда.