Бишкек мэриясында жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштериндеги көйгөйлүү маселелер талкууланды
Новость

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү.

2026-жылы 127 көчөдө жумуштарды аткаруу жана 29 көчөнүн жөө адамдар өтүүчү тротуарларын оңдоо пландаштырылган. Учурда 119 объектте иштер башталып, 46 объектте, анын ичинде автомобилдик жолдордун 33 тилкесинде жана тротуарлардын 13 тилкесинде оңдоо аяктады.

Төмөнкү автоунаа жолдорунда курулуш жана оңдоо иштери аяктады:
• «Жал» кичи району – № 92 жана № 94 үйлөрдүн ортосунда;
• Жайыл Баатыр көчөсү – Арча-Бешик көчөсүнөн «Мурас Юнайтед» стадионуна чейин;
• Жайыл Баатыр көчөсү – «Евразия» сейил багынан Муромск көчөсүнө чейин;
• 5-кичи район – Железнов көчөсү, № 3 мектептин стадионунун түштүк тарабы, № 138 МББҮ жанында;
• 5-кичи район – Миррахимов көчөсүнөн № 28, 29, 30 жана 30а үйлөрдү бойлой;
• 6-кичи район – № 12/1 үйүнөн № 14/1 үйүнө чейин;
• 8-кичи район – Сүйөркулов көчөсүнөн № 4, 6, 8, 8/1, 14, 15, 16, 17, 18, 42, 77 жана 79 үйлөрдү бойлой;
• Рижский көчөсү – Кара-Балта көчөсүнөн Республика көчөсүнө чейин;
• Делбирим көчөсү – Профсоюз көчөсүнөн Аскер шаарчасына чейин;
• «Ак-Босого» конушу – Кичи Чүй каналынын боюндагы Безымянная көчөсүн бойлой;
• Безымянная көчөсү Кичи Чүй каналы – Республика көчөсүнөн Коммунаров көчөсүнө чейин;
• Кудрук көчөсү – Краснодонцев көчөсүнөн Малышев көчөсүнө чейин;
• Коммунаров көчөсү – Фучик көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;
• «Жеңиш» конушу – №4 көчө;
• Кожевенная көчөсү – Аул көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;
• Можайский көчөсү – Орозбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
• «Чыгыш-5» кичи районундагы №22 үйдүн ички короосу;