Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөндүр жаады
Новость

23-июлда саат 13:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катуу мөндүр жаады. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мөндүрдүн кесепетинен эгиндер жабыркаган.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет 25-июлга чейин өлкөнүн аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн эскерткен. Ага байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталат.