Салык кызматы Эсептөө палатасынын корутундусуна кескин түрдө макул эместигин билдирди
Новость

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан ведомствого жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын таратылышына байланыштуу корутундуда баяндалган айрым тыянактарга макул эместигин билдирет. 

Анткени бул тыянактар салык контролунун жыйынтыктары менен ырасталган эмес жана салык органынын ишине берилген объективдүү бааны чагылдырбайт.
Бүгүнкү күндө Салык кызматы заманбап, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик орган болуп саналат. 
Анын ишинин негизги багыттары – салыктык башкарууну санариптештирүү, салык контролунун ыкмаларын өркүндөтүү, тобокелдиктерди талдоонун заманбап тутумдарын киргизүү, салык жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана бизнес-коомчулук менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү.

Эсептөө палатасынын аудитордук отчетунда салык төлөөчүлөрдүн салык декларацияларын, отчеттуулугун жана электрондук эсеп-фактураларын талдоонун негизинде түзүлгөн 11 млрд 559 млн сом суммасындагы учурдагы салыктардын бюджетке мүмкүн түшпөй калуу тобокелдиктери чагылдырылган. Ошол эле учурда мындай аналитикалык маалыматтар өзүнөн-өзү Салык кызматы тарабынан салык мыйзамдарынын бузулгандыгынын же финансылык мыйзам бузууга жол берилгендигинин далили болуп саналбайт.

Тобокелдиктерди башкаруу тутуму салыктык башкаруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат жана салыктарды төлөбөө боюнча потенциалдуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн Салык кызматы тарабынан туруктуу негизде колдонулат. Ар кандай аналитикалык эсептөөлөр салык контролунун андан аркы иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана негиз болуп саналат. 
Мындай иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча гана бузуулардын бар же жок экендигин аныктоого жана салык милдеттенмелеринин суммасын аныктоого болот.
Демек, айрым салык төлөөчүлөрдүн салыктарды төлөбөө тобокелдиктеринин аныкталышы Салык кызматы тарабынан финансылык мыйзам бузууга жол берилгендигин билдирбейт. 
Тескерисинче, бул потенциалдуу салык тобокелдиктерин жана ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берген санариптик инструменттердин натыйжалуулугун ырастайт.

Ошол эле учурда Салык кызматында Эсептөө палатасы тарабынан көрсөтүлгөн суммадагы тобокелдиктердин бар экендиги жөнүндө тыянак чыгарууда негиз катары пайдаланган деталдаштырылган материалдар жана документтер менен ырасталган эсептөөлөр жок.

 Ушуга байланыштуу корутундуда келтирилген тыянактар ар бир конкреттүү учурга объективдүү укуктук баа берүүгө мүмкүндүк бербейт.
Эсептөө палатасынын корутундусунда ошондой эле “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсына берилген салык жеңилдиктеринин мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрында аякташы керек болчу деген тыянак камтылган. Ошол эле учурда аталган компанияга салык жеңилдиктери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн Инвестициялык макулдашуунун негизинде берилген. Учурда салык жеңилдиктеринин колдонулуу мөөнөтү тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын деңгээлинде каралып, такталууда. 
Ушуга байланыштуу 2024–2026-жылдар үчүн салыктарды эсептөө зарылдыгы жөнүндө тыянактар жана Салык кызматына берилген тиешелүү сунуштар мөөнөтүнөн мурда жана негизсиз болуп саналат.

Эсеп палатасынын билдирүүсүндө курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүүдө ички финансылык тартиптин бузулушу жөнүндө тыянактар да камтылган.
Салык кызматынын борбордук аппаратынын административдик имараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилгенин билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтому менен “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы стратегиялык объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы болуп аныкталган.

Объекттин акыркы наркы курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана аныкталат. Ал эми иштердин учурдагы этаптарын каржылоо мыйзам бузуу фактысы болуп саналбайт.
Айрым аймактык салык органдарынын административдик объекттери боюнча подрядчы уюмдар аткарылган иштердин көлөмү 152 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөнүн моюнга алышкан. Подрядчы уюмдар көрсөтүлгөн сумманы бюджетке кайтарып берүү милдеттенмесин жазуу жүзүндө ырасташкан жана тиешелүү кепилдик каттар бар. 

Ушуга байланыштуу Эсептөө палатасынын тыянактары мөөнөтүнөн мурда жарыяланган жана негизсиз деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, Салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын имаратын 8,3 млн сом суммасында капиталдык оңдоо жана жабдуулар менен камсыз кылуу “Альянс Алтын” ЖЧКнын кайтарымсыз жардамынын эсебинен аткарылган. Ошондой эле 3 аймактык салык органында 5,4 млн сомго оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Жалпы суммасы 13,7 млн сом өлчөмүндөгү каражат ырастоочу документтердин толук топтому келип түшкөнүнө жараша бухгалтердик эсепке алууда чагылдырылууда. Ушуга байланыштуу Эсептөө палатасынын ички финансылык тартипте ири мыйзам бузуулар болгон деген тыянактарын негизсиз деп эсептейбиз.
Бул сумма мурдагы жетекчилик тарабынан айрым кызматкерлердин иштен бошотулушу мыйзамсыз деп табылгандыгына жана алардын ишке калыбына келтирилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечимдерин аткаруу максатында төлөнгөн.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 23-июлунда Эсептөө палатасынын аянтчасында 2025-жыл үчүн жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароо боюнча жыйын өткөн. Жыйындын алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү ведомствонун жүйөлүү позициясын билдирип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү беришкен жана Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн айрым тыянактарга жана мыйзам бузуу фактыларына макул эместигин билдиришкен.