Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынын кесепетинен төгүлгөн мазут боюнча күнөөлүү тарапка айып пул салынды
Новость

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Бишкек–Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы тилкесинде көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу автоунаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткендиги жана анын кесепетинен болжол менен 4–5 тонна мазут жер кыртышына төгүлгөндүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар кодексинин талаптарына ылайык, күнөөлүү жеке жакка 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын алдын алуу багытында тиешелүү көзөмөл иштери улантылууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди кооптуу жүктөрдү ташууда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.