23-июлда саат 19:30дар чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен сел келип, кесепетинен Сайдыман Ажы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн суулар ашып, ички жол каттам убактылуу жабылып, кийин ачылган.
Бүгүн, 24-июлга карата ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отряды, Баткен шаары боюнча ӨКБнүн өздүк курамы, ошондой эле техникалык каражаттар сел калдыктарын тазалоо иштерин улантууда.
Баткен электр тармактар ишканасынын короосуна сел суулары кирген. Жерине Баткен шаардык ӨКБнөн ыкчам топ жана куткаруучулар тартылып, сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.