Сузак районунун Барпы айылында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөргө инженердик-техникалык текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда текшерүүнү министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы жүргүздү.
Анын максаты - “Бест Хаус Гранд” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан, 7 блоктон турган 9 кабаттуу жана автопаркинги бар “Асман Резиденс” турак жай комплексиндеги курулуш иштеринин сапатын жана алардын Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери менен стандарттарына шайкештигин аныктоо.
Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү инженердик-техникалык текшерүүлөрдү аткарды.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти мындан ары коопсуз пайдаланууга байланыштуу сунуштар иштелип чыгат.