Бишкекте мотоцикл, скутер, мопед жана электросамокат айдоочулары текшерилүүдө
Новость

Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мотоцикл, скутер, мопед жана электросамокат айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында атайын рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө кызматкерлер жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү аныктап, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүүдө.