Германия Федеративдүү Республикасында Ferienjob программасы боюнча иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча кырдаал тууралуу
Новость

 Германиядагы Ferienjob программасы аркылуу барган кыргызстандыктардын абалы боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору расмий түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-июлунда Германиядагы иш берүүчү ESN компаниясы өндүрүштүк буйрутмалардын көлөмү кескин кыскарганын билдирген. Ушундан улам өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 130 кыргызстандык менен эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Белгиленгендей, бул чечим жарандардын мыйзам бузган аракеттерине байланыштуу эмес. Ferienjob программасынын алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык, жумуштун мөөнөтү 28 күндөн 90 күнгө чейин каралган жана иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн 28 календардык күнгө чейин бир тараптуу кыскартууга укуктуу. Ошондуктан келишимдин шарттары бузулду деген маалыматтар тастыкталган эмес.

Расмий маалымат боюнча, 23-июлга карата 50гө жакын кыргызстандык башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери уланууда. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында, ал эми калгандары Германиянын башка аймактарына жумушка орношкон же жаңы иш орундарын көздөй жөнөп кетүүгө даярданып жатышат.

Кырдаалга жеринде баа берүү үчүн Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев жана консул Тилек Нажимудинов Берлинден Бремен шаарына барып, жарандар жана иш берүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар жашоо шарттарын, эмгек акынын төлөнүшүн көзөмөлдөп, зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүүдө.

Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги жана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кырдаал толук жөнгө салынганга чейин Samara Academy компаниясы, Германиядагы иш берүүчү жана Кыргызстандын жарандары менен тыгыз иш алып барып, алардын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди.

Ошондой эле жарандар жана жалпыга маалымдоо каражаттары расмий маалымат булактарына гана ишенип, такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырылды. Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилери маалымдалды.