Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов жана «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Таалайбек Алымкулов текшерген.
Иш сапардын жүрүшүндө курулуштун сапаты, аткарылышы жана графикке ылайык жүргүзүлүшү каралды. Учурда бардык 10 объектте комплекстүү курулуш иштери жүрүп, жалпы аткарылган иштердин көлөмү 35–45 пайызды түзөт.
Алар:
- Салижан Жигитов атындагы №2 мектеп үчүн 1200 орундуу жаңы окуу имаратынын курулушу. Имарат 5 блоктон туруп, 4 кабаттуу;
- С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеп үчүн 312 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Имарат 2 блоктон туруп, 3 кабаттуу;
- Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагында 750 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Имарат 7 блоктон туруп, 3 кабаттуу;
- М.В. Ломоносов атындагы №3 орто мектептин эски имаратынын ордуна жаңы 1000 орундуу окуу имаратынын курулушу. Имарат 4 блоктон туруп, 4 кабаттуу жана жертөлөсү каралган;
- Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин курулушу. Имарат 5 блоктон туруп, 3 кабаттуу;
- Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 орундуу мектептин курулушу. Имарат 5 блоктон туруп, 3 кабаттуу;
- Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сары-Зоо тилкесинде 528 орундуу мектептин курулушу. Имарат 5 блоктон туруп, 3 кабаттуу;
- Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Имарат 5 блоктон туруп, 4 кабаттуу;
- «Эне-Сай» жаңы конушунда 1000 орундуу мектептин курулушу. Имарат 2 блоктон туруп, 3 кабаттуу;
- Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу. Имарат 6 блоктон туруп, 2 кабаттуу.
Белгилей кетсек, аталган 10 мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган.

