Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводунун аймагында топтолгон коркунучтуу химиялык калдыктарды экологиялык жактан коопсуз утилизациялоо боюнча долбоор ишке ашырыла баштады.
Долбоор Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясына караштуу «Федералдык экологиялык оператор» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
Маалыматка ылайык, советтик мезгилде поликристаллдык кремний жана жарым өткөргүч материалдарды өндүрүү үчүн курулган «Кристалл» заводунун аймагында атайын металл цистерналарда 80 тоннага жакын уулуу химиялык заттар сакталып келет.
Бул калдыктарды зыянсыздандыруу маселеси акыркы 15 жылдан бери чечилбей келген. Адистердин айтымында, моралдык жана физикалык жактан эскирген жабдуулар аймактагы экологиялык тобокелчиликти жыл сайын күчөтүп, совет мезгилинен калган эң олуттуу экологиялык көйгөйлөрдүн бири болуп келген.
Долбоордун алкагындагы практикалык иштер 2026-жылдын ноябрь айында башталат. Суук мезгилди тандоо утилизациялоо иштеринде техникалык коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.
