Азербайжанда Кыргызстандын катышуусунда COP31ге даярдык көрүү боюнча стратегиялык сессия өттү
Новость

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) катышуучу мамлекеттеринин жана эл аралык сүйлөшүү топторунун делегация башчылары, өкүлдөрү 22-23-июль күндөрү Азербайжандын Шемаха шаарында стратегиялык сессияга катышуу үчүн чогулушту.

Иш-чара Азербайжан тарабынан уюштурулган, эл аралык климаттык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жана 2026-жылдын ноябрь айында Анталияда (Түркия) өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын 31-сессиясынын (COP31) алдында сүйлөшүүлөр жараянын илгерилетүүгө көмөктөшүү үчүн салттуу эл аралык талкуу аянтчасына айланды.

Иш-чарада Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактар боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышты.

Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар климатты каржылоо, адаптация жана митигация, адилеттүү өтүү маселелерин, ошондой эле алдыдагы COP31дин күн тартибин жана Түркия менен Австралия биргеликте калыптандырып жаткан COP31 төрагалыгынын Иш-аракеттер программасын карап чыгышты.

Өзгөчө көңүл потенциалды жогорулатуу, технологияларды өткөрүп берүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн климаттык каржылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине, ошондой эле тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө болгон аярлуулугуна жана мөңгүлөрдүн эриши көйгөйүнө бурулду.

Иш-чаранын алкагында Президенттин атайын өкүлү Пакистандын жана Кениянын айлана-чөйрөнү коргоо министрлери, ошондой эле башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрдү. Жолугушууларда эл аралык тоолуу аймактардын күн тартибин илгерилетүү жана мамлекеттерди “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга тартуу маселелери талкууланды.