Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди.
Андан соң ал жаңы станциянын имаратын көрүп чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты.
Мындан кийин Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхына дагы бир маанилүү этап катары кирерин белгиледи.
Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп калды.
“Баарынан мурда, бул темир жолду биз өз күчүбүз менен куруп жатканыбызды өзгөчө белгилегим келет. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 км тоо тилкеси тазаланды.
Жолдун өзүнүн курулушуна 1 км үчүн 955 миң АКШ доллары сарпталды”, - деди Президент.
Салыштыруу үчүн ал чет өлкөлүк компаниялар сунуштаган - бир чакырымына 4,8 миллиондон 6,8 миллион АКШ долларына чейинки курулуш наркын келтирди.
“Мунун өтө кымбат экенин түшүнүп, тобокелчиликке барууну чечтик жана “Жолду баскан арбытат” деген принцип менен ишти өзүбүз колго алдык.
Бул жерде Түндүк - Түштүк альтернативдүү жолуна байланыштуу дагы бир салыштыруу келтирсе болот. Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы — Жалал-Абад жолунун долбоорунда бир чакырымдын баасы 2,5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн.
Бирок ошентсе да бул жол аягына чыкпай бүгүн да толук пайдаланууга берилбей турат. Албетте, бул сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.