Туристтик сезондун кызуу маалында Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келген транспорт каражаттарынын агымы кыйла көбөйүүдө. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
Өзгөчө Түндүк айланма жолунда жана унаа кыймылы эң жыш болгон тилкелерде кызматкерлер жол тыгындарын жөнгө салып, транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыздоо боюнча иш алып барышууда.
Ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларына көмөк көрсөтүлүп, айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
МККБ бардык айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, бири-бирине урмат менен мамиле кылууга, кооптуу маневрлерге жол бербөөгө жана сапарга алдын ала даярдык көрүүгө чакырат.