26-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Өзбекстан Республикасынын расмий жана чыгармачыл делегациясы келди.
Алар Кыргыз Республикасында өтө турган Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Делегацияны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды. Маданият жана искусство ишмерлери 27–28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган маданий иш-чараларга катышып, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого багытталган программаларды тартуулашат.






