Бишкекте мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасаган жаран кармалып, кылмыш иши козголду
Новость

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Threads социалдык тармагындагы “Slivy_telegramm” (мурда — beksultankg99) аккаунту аныкталган.

Бул баракча аркылуу Кытай Эл Республикасынын жарандарына карата терс мүнөздөгү публикациялар системдүү түрдө жарыяланып, ошондой эле коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерди жасоого чакырыктар жайгаштырылып турган.

Башкача айтканда, Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында 2026-жылдын 23-июлуна пландаштырылган мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырыктар жазылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө (Массалык башаламандыктар: Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда зарыл болгон тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.
Өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган аккаунттун ээсинин өздүгү аныкталган. Шектүү 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран болуп чыгып, Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө иш-чараларынын алкагында шектүүгө таандык iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефон кароо үчүн өз ыктыяры менен тапшырылган. Мындан сырткары, тергөө аракеттеринин жүрүшүндө дагы үч уюлдук телефон жана ноутбук алынып, кылмыш ишинин материалдарына буюмдук далил катары тиркелди.
Шектүү О.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин тартибинде кармалып, Бишкек ш. ИИББнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен шектүүгө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ЖАЗКнын № 21 мекемесине (№1 тергөө изолятору - СИЗО-1) эки ай мөөнөткө камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө аракеттери улантылууда.