Токтогул районунун Камыш-Башы айылында жергиликтүү тургундарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында суу түтүк тармактарын төшөө иштери толугу менен аяктады. Учурда курулуш-монтаждоо иштери акыркы баскычка жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоордун алкагында ичүүчү суу менен камсыздоочу негизги түтүк тармагы 100 пайызга бүткөрүлдү. Азыр подряддык уюмдун адистери суу тутумунун бириктирүүчү бөлүктөрүн монтаждап, акыркы техникалык иштерди жүргүзүп жатышат.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоочу инфраструктуралык объекттердин айланасына коргоочу тосмолор орнотулууда.
Курулуш-монтаждоо иштери толук аяктап, объект пайдаланууга берилгенден кийин Камыш-Башы айылынын тургундары санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот.