Соң-Көлдө жайыттарда унаа айдап, мыйзам бузган жарандарга 66 миң сом айып салынды
Новость


Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо боюнча өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзам бузган 12 учур аныкталып, жалпы 66 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Рейд Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан Министрлер кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында автоунаа, мотоцикл жана квадроциклдердин мыйзамсыз жүрүүсүнө бөгөт коюу болду.

Министрлик белгилегендей, жайыттар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу, мал чарбачылыгы жана экологиялык тең салмактуулук үчүн маанилүү. Ал эми транспорт каражаттарынын жашыл өсүмдүктөрдү тебелеп өтүшү жайыттардын бузулушуна, топурактын эрозиясына жана жаратылыш экосистемасына олуттуу зыян келтирет.

Буга байланыштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш байлыктарын аяр пайдаланууга жана жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.