Бишкекте өзгөчө кырдаалдарды чагылдырууда журналисттердин коопсуздугуна арналган тегерек стол өттү
Новость

2026-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында "Өзгөчө кырдаалдарды чагылдырууда журналисттердин коопсуздугу" аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чара "Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугун чыңдоо: туруктуу медиа" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, журналисттер, эксперттер жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү катышып, өзгөчө кырдаалдарды чагылдырууда журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик органдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара кызматташуусун өркүндөтүү жана журналисттер менен редакциялар үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Бул тегерек стол долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп, анын алкагында буга чейин өлкөнүн бардык аймактарынан келген журналисттер үчүн окутуулар өткөрүлгөн. 2026-жылдын июнь жана июль айларында Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү атайын окуудан өтүштү. Окутуулардын жүрүшүндө катышуучулар өзгөчө кырдаалдарда иштөөдө физикалык коопсуздук, санариптик коопсуздук, жеке маалыматтарды жана аккаунттарды коргоо, фишингдик чабуулдардын алдын алуу, ошондой эле психологиялык туруктуулукту сактоо боюнча практикалык билим жана көндүмдөргө ээ болушту.

Иш-чараны ачып жатып, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков журналисттер үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүдө кесиптик коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана эксперттердин биргелешкен аракетинин маанисине токтолду.

Катышуучуларга долбоордун максаттары, аткарылган иш-чаралары жана жетишилген жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Бактыбек Чамашев акыркы жылдардагы өзгөчө кырдаалдардын статистикасы жана учурдагы чакырыктар тууралуу баяндама жасап, кризистик кырдаалдарда калкты ыкчам жана так маалымат менен камсыз кылуунун маанисин белгиледи.

Долбоордун эксперти Абдишарип Бекилов өзгөчө кырдаал болгон аймактарда иш алып барууда журналисттер туш болгон негизги коркунучтар тууралуу айтып берип, жеке коопсуздукту камсыз кылуу боюнча практикалык сунуштарын бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кырсык медицинасы кызматынын директору, полковник Ы.Т. Жолдошбаев өзгөчө кырдаалдарды чагылдырууда журналисттердин психологиялык туруктуулугу тууралуу баяндама жасап, кесиптик чарчоонун алдын алуу жана өз убагында психологиялык колдоо көрсөтүүнүн маанисине токтолду.

Тегерек столдун негизги бөлүктөрүнүн бири болгон талкууда өлкөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери журналисттердин, операторлордун жана фотокабарчылардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча редакциялар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды чагылдыруудагы практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өзгөчө кырдаалдар учурунда министрлик менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара кызматташуу тартиби тууралуу маалымат берип, өз убагында так маалымат алмашуунун жана окуя болгон жерде коопсуздук эрежелерин сактоонун маанисин белгиледи.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди улантуу, мамлекеттик органдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматташуусун чыңдоо, биргелешкен окутууларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана өзгөчө кырдаалдарды коопсуз чагылдыруу боюнча бирдиктүү практикалык сунуштарды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Тегерек стол "Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугун чыңдоо: туруктуу медиа" долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан ЮНЕСКОнун Коммуникацияны өнүктүрүү боюнча эл аралык программасынын (IPDC) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.