КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык маселелерин, ошондой эле кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Азырынча Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын так датасы расмий жарыялана элек.