Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин "5200" ишеним телефонуна алты айда 3480 кайрылуу түштү
Новость

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган "5200" ишеним телефонунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап келет.

Кызмат жарандардын кайрылууларын кабыл алып, психологиялык, социалдык жана укуктук кеңештерди берет. Ошондой эле кайрылууларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана адистештирилген кызматтарга өз убагында багыттайт.

Министрлик жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого жана укуктары бузулган учурда кечиктирбестен жардам сурап кайрылууга чакырат. Ведомствонун маалыматына ылайык, зомбулук жеке үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы коомдун коопсуздугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизет. Ар бир кайрылуу өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оор кесепеттердин алдын алууга өбөлгө болот.

2026-жылдын алты айында "5200" ишеним телефонуна жалпы 3480 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен:

  • физикалык зомбулук боюнча – 335;
  • психологиялык зомбулук боюнча – 1513;
  • куугунтуктоо фактылары боюнча – 142;
  • экономикалык зомбулук боюнча – 251.

Мындан тышкары, 1309 жаран юридикалык жардам алууга багытталып, 1302 адамга психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандарды "5200" ишеним телефону аркылуу квалификациялуу консультация, психологиялык жана укуктук колдоо алып, өз укуктарын коргоо боюнча жардам алууга чакырат.