Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата жаза аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жарандар "Манас" эпосунан үзүндү айтышат.
Ошондой эле соттолгондор үчүн жаңы үлгүдөгү форма берилди. Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелеринде аскердик тартип сакталат. Соттолгондордун кийим-кечеси жана тамак-ашы аскер кызматкерлерине каралган камсыздоо ченемдерине ылайык уюштурулуп, мамлекет тарабынан акысыз берилет.
Мындан сырткары, жаза аткаруу мекемелеринде соттолгондор үчүн мыйзамда каралган шарттар камсыздалып, алар белгиленген тартиптин негизинде жазасын өтөп жатышат.