2026-жылдын 27-июлунда, Президенттик Администрациясынын Маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин массалык маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлор саммитинин ачылыш аземине катышты.
Саммиттин катышуучуларына жана конокторуна салам жолдоп жатып, Дайырбек Орунбеков ШКУнун алкагында маалыматтык жана интеллектуалдык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал маалыматтык технологиялардын тез өнүгүшү жана маалыматтын жайылышынын жогорку ылдамдыгы шартында коомдук пикирди калыптандыруу, мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ЖМК жана аналитикалык борборлордун жоопкерчилиги жогорулап жатканын баса белгиледи.
"Бүгүнкү күндө маалымат коомдук аң-сезимди калыптандырууга жана мамлекеттердин келечегин аныктоого жөндөмдүү эң таасирдүү куралдардын бири болуп саналат. Ошондуктан эксперттик борборлордун аналитикасын ЖМКнын ыкчамдыгы, тактыгы жана объективдүүлүгү менен айкалыштыруу мезгилдин эң маанилүү талабы болуп калууда", - деди ал.
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстанда экономиканын туруктуу өсүшү байкалып, масштабдуу инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар түзүлүп жатканын белгиледи.
Ал Кыргыз Республикасынын ачык-айкындуулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин ырааттуу карманып, ШКУнун алкагында маалыматтык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтып сөзүн улантты.
Ал ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлорду чагылдырууда ЖМКнын жана эксперттик коомчулуктун маанилүү ролун баса белгиледи.
"Бул саммит жаңы идеялардын булагы, конструктивдүү диалог жана биргелешкен демилгелер үчүн аянтча болсун", — деди Дайырбек Орунбеков, иш-чаранын катышуучуларына жемиштүү иш, ачык талкуу жана мазмундуу пикир алмашууну каалап.
Иш-чарага 300гө жакын чет элдик жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышууда.










