Кыргыз тили эми бардык авиакаттамдарда
Новость

Кыргызстандын бардык эл аралык авиакаттамдарында мындан ары кыргыз тилинде да милдеттүү түрдө маалымат берилет.

"Кыргызстандын аэропорттору" компаниясынын маалыматына ылайык, буга чейин эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр үчүн маалыматтар негизинен англис, орус жана учак каттаган өлкөнүн тилинде гана жарыяланып келген.

Жаңы талапка ылайык, эми учуу коопсуздугу боюнча нускамалар, учактын ичиндеги жүрүм-турум эрежелери, учактын учуп чыгышы жана конушу тууралуу маалыматтар, ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн башка маанилүү кулактандыруулар кыргыз тилинде да сөзсүз айтылышы керек.

Бул демилге мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, кыргыз тилинин аброюн жогорулатууга жана кыргыз тилдүү жүргүнчүлөр үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.