Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 27-июлда, Чолпон-Ата шаарында эл аралык иш-чараларды өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Координациялык штабдын кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана башка маанилүү эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматы угулду.
Адилет Орозбеков бул эл аралык иш-чараларга тартылган бардык министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ар кандай тобокелдиктерге жана коркунучтарга тез арада жооп кайтаруу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.