Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 30-июлдан 1-августка чейин унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов фейсбук баракчасына жарыялады.
“Алдыда 30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турмакчы.
Себеби ушул күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.
Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия-Азербайжан саммити да дал ушул күндөргө мерчемделген.
Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз.
Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм” деп айтылат билдирүүдө.