Көлгө мамлекеттик сапар менен Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери келет
Новость

30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу мезгил-мезгили менен жабылып турат, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
Анын айтымында, мындай чаралар Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарларына байланыштуу.
Мындан тышкары, бул күндөрү мамлекет башчылардын катышуусунда «Борбор Азия - Азербайжан» саммити өтөт.