Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайынын аймагында жайгашкан тамактануучу жайда саркынды суулардын ташып кетиши аныкталып, эс алуу жайына 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган маалыматтардын негизинде текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясына караштуу "Академия наук" эс алуу жайынын аймагындагы кафелердин биринде саркынды суулар топтолуучу септикалык курулманын ташып кеткени аныкталып, саркынды суулардын агып жатканы тууралуу маалымат тастыкталган.
Аталган мыйзам бузуу үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эс алуу жайына 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Ошондой эле жооптуу тарапка аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.