Суусамырда мазут төгүлгөн кырсык боюнча келтирилген зыян кайрадан такталып, кошумча 10 миң сом айып салынды
Новость

Суусамыр өрөөнүндө мазут төгүлгөн жол кырсыгы боюнча жер кыртышына келтирилген зыян кайрадан такталып, кошумча 10 080 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек-Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы тилкеде кошумча тактоо-эсептөө иштерин жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жер кыртышына келтирилген зыян кайра эсептелип, мурда белгиленген доого кошумча 10 080 сом өндүрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле адистер тарабынан жол кырсыгынан кийин жерге төгүлгөн мазуттун калдыктары толугу менен тазаланып, зыянсыздандырылганы маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин Суусамыр өрөөнүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен болжол менен 4-5 тонна мазут жерге төгүлгөнү тууралуу маалымат тараган.

Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237-беренесине ылайык, күнөөлүү жеке жакка 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганы буга чейин кабарланган.