Ысык-Көлдүн пляждык аймагына таштанды таштаган муниципалдык ишканага айып пул салынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин интернет булактарында Ысык-Көлдүн пляждык аймагындагы белгиленбеген жерге таштанды төгүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.
Аталган факты боюнча министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында интернет булактарында тараган маалымат тастыкталган.
Жыйынтыгында Григорьевка-Пристань айылына караштуу “Келечек” муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык 17 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана юридикалык жактарды таштандыларды белгиленген жайларга гана чыгарууга жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.