Шопоков шаарында жаңы коомдук парк куруу пландалып, анын эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шопоков шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан аймакка жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Долбоор шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөө мейкиндигин түзүүгө багытталган. Парктын аймагында жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, жөө адамдар үчүн аллеялар, отургучтар, жарыктандыруу системалары, чакан архитектуралык элементтер жана эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы парктын курулушу Шопоков шаарынын архитектуралык келбетин жакшыртып, экологиялык абалды чыңдоого жана тургундар үчүн заманбап коомдук мейкиндикти түзүүгө өбөлгө болот.