Чолпон-Ата шаарын көрктөндүрүү иштери уланууда
Новость

Чолпон-Ата шаарындагы башкы автожолдун айланасын көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда ипподромдун маңдайындагы жашыл тилкеге 10 даана аттын декоративдик айкели орнотулду. Композиция шаарга өзгөчө көрк берип, Чолпон-Атанын туристтик жана маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган жаңы көркөм элементтердин бири болду.

Буга чейин шаар боюнча, анын ичинде Бостери жана Бактуу-Долоноту аймактарында башкы автожолдун боюнда жалпысынан 22 даана декоративдик айкел орнотулган.

Көрктөндүрүү иштери "Гүлбакча" муниципалдык ишканасы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Долбоорлор шаардык чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, жашоочулар жана шаар коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.